mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

1 июль 2021-жылга карата Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жер тилкесинде курулуш иштери башталгандан бери 0 кмден 104 чакырымга чейинки аралыкта аткарылган жумуштун көлөмү 4 617,2 млн сомду түздү

1 июль 2021-жылга карата Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата- Корумду жер тилкелеринде курулуш иштери башталгандан бери 0 кмден 104 чакырымга чейинки аралыкта  аткарылган жумуштун көлөмү 4 617,2 млн сомду түздү.  0дөн 104-чакырымга чейинки Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду жер тилкесинин II техникалык категорияга ылайык  жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүгүн 15,5 метрге чейин кеңейтүү менен 4 жол тилкеси (бир багыттагы 2 тилкеси) реконструкцияланып жатат. Тилкенин туурасы 3,75-3,5, чектелген жерлерде 3,0 мерт.

Бул жолдун курулуу иштерине республикалык бюджеттен “Мамлекеттик капиталдык салымдар”  беренеси  тарабынан  каржыланат. 1 июль 2021-жылга карата  курулуш башталгандан бери аткарылган жумуштардын көлөмү 4 617,2 млн сомду түзгөн . Курулуш иштери 5-ноябрь 2015-жылы башталган. 2021-жылдын 1-июлуна карата каржылоо 4559,4 млн сомду түздү.

 

2020-жылы коронавирустук инфекциянын кесепеттерин жоюу жана өлкөнүн 2020-жылга карата бюджетин оптималдаштыруу максатында, жол тармагынын бюджети кыскартылган. Буга байланыштуу 50,0 млн сом суммасындагы  гана каражат каралган. Бирок, буга карабастан подрядчылар менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин 345,9 млн сом суммасында  22 км узундуктагы жогорку катмардын асфальт-бетон тротуары орнотулду. 2021-жылы “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча жыл башынан бери 200,0 млн сом суммасындагы каражаттар каржыланган. Эске салсак подряддык уюмдардын жалпы карызы 72,5 млн сомду түзгөн.  Башкы подрядчик «Лонг Хай» ЖЧКсынын маалыматы боюнча жумушчуларга жана камсыздоочуларга  35,0 млн сом карыз болгон. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн  КРТжКМдин алдындагы  Жол чарбалар департаментине республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөй жатат.

Белгилей кетсек 01.07. 2021 жылга карата аяктаган иштер.

— калыңдыгы 9 см асфальт-бетон тротуарынын үстүңкү катмарынын узундугу 84 км бүтүп 22 км калган.

— калыңдыгы 6 см асфальт-бетон тротуарынын үстүңкү катмарынын узундугу 80 км бүтүп 26 км калган.

Долбоордун алкагында куруу жана ондоо иштерине 17 даана көпүрө каралган. Анын ичинен 4 даанасы жаңы курулат, 16 даанасы бүтүп 1 даанасы баштала элек.

Долбоор боюнча 0-чакырымдан 104-чакырымга чейин негизги жолдун боюнан   кошумча 330 даана түтүктөр каралып анын 244 даанасы жаңы темир-бетон түтүктөрү.

Жалпы 300 даана түтүк бүтүп 2 иштеп жатат. 28 даана түтүк калган.

 

Долбоор жөнүндө маалымат:

  1. Секциянын узундугу:                                                                            — 104 км;
  2. Жалпысметалыкбаасы:                                                                        — 9 миллиард 202,4 миллион сом;
  3. Кардар:                                                                                                       — КРТжКМ  алдындагы                                                                                                                                       Жол чарба  департаменти;
  4. Подрядчы уюм:                                                                                       — «ЛонгХай» ;
  5. Келишимдин наркы:                                                                             — 6 млрд 803,5 млн сом;

 

КРТжКМ басма сөз катчылыгы